У нас вы можете посмотреть бесплатно Президент Байтик Баатыр тууралуу или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
“Байтик баатырдай баатырларыбыз, эл башкарган мыктыларыбыз миңдеген жылдардан бери кыргызды чачыратпай, элдүүлүктү жок кылбай, бейиштей болгон жерибизди душмандарга алдырбай сактап келди”, - деди Президент Садыр Жапаров XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада. Мамлекет башчысы өлкөнүн 3000 жылдык карт тарыхында Байтик баатырдай эл башында турган эчендеген эрендер өткөнүн эске салды. Кыргыздын кылым карыткан тарыхында, 19-кылымда Байтик Канай уулунун кыргыз эли, кыргыз жери үчүн ээлеген орду, кылган кызматы өзгөчө болгондугун айтты. Байтик баатыр ар дайым эркиндикти туу туткандыгы менен өзгөчөлөнүп турган инсан болгондугун эске салды. “Ал эки доордо жашады. Кокон хандыгынын доорунда ордонун адилетсиз аракеттерин көрдү. Эл башына түшкөн мүшкүлдөргө, эсепсиз чогулткан салыктарга каршы туруп, акыры Пишпек чебинин башчысы Рахматулла бектин көзүн тазалады. Орус аскерлеринин жардамы менен элди азапка салган Пишпек чебин жер менен жексен кылды. Доор добушун даана сезе билген көсөмдүгү жана элдик дипломатияны чебер пайдалана билгендиги менен Байтик баатыр элин бөөдө бүлүнүүдөн сактап калган.Анын аракети бүгүн биз үчүн өзгөчө өрнөк, мыкты сабак”,- деди Президент.