У нас вы можете посмотреть бесплатно БОЗ ҮЙ или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган, көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу. режиссеру Ырыс Окенова