У нас вы можете посмотреть бесплатно 2025-жылдын жыйынтыгы: ИИМдин Күзөт кызматынын инфраструктурасын модернизациялоо или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
2025-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы тарабынан инфраструктураны өнүктүрүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана жеке курамдын кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга багытталган олуттуу көлөмдөгү иштер аткарылды. Жыл ичинде эки жаңы административдик имарат толугу менен курулуп, пайдаланууга берилди. Ошону менен катар Күзөт кызматынын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүктөрүнүн имараттарын жаңылоо жана капиталдык оңдоо иштери системалуу түрдө улантылууда. Тактап айтканда, ведомстволук милиция полкунун эски имаратынын ордуна белгиленген талаптарга толук жооп берген, кызматкерлердин натыйжалуу кызмат өтөөсү үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылган заманбап эки кабаттуу административдик имарат курулду. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында полктун автопаркы жаңы кызматтык унаалар менен толукталып, атайын техникалык каражаттар берилди. Мындан тышкары, Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгында заманбап эки кабаттуу административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Ошол эле учурда аталган башкармалыктын «Санарип күзөт» борборунун курулушу толугу менен аяктап, аны ишке киргизүү 2026-жылдын январь айына мерчемделүүдө. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун күзөт бөлүмүнүн эски имаратынын ордуна жер төлөсү бар заманбап эки кабаттуу административдик имаратты куруу иштери активдүү улантылууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын борбордук аппаратында кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин комплекси жүргүзүлдү. Ушундай эле иштер аймактык бөлүктөрдө да улантылууда. Ошондой эле 2026-жылы Күзөт кызматынын бир катар аймактык бөлүктөрү үчүн жаңы административдик имараттарды куруу ишин баштоо мерчемделүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин талаптарын ишке ашыруунун алкагында Күзөт кызматынын бир катар райондук бөлүктөрүндө «Санарип күзөт» борборлору пайдаланууга берилди. ИИМдин Басма сөз кызматы