У нас вы можете посмотреть бесплатно ИИМдин Республикалык окуу борборунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча биринчилик өткөрүлдү или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
2026-жылдын 12-13-март күндөрү Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун спорттук залында ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча биринчилик өткөрүлдү. Мелдештин негизги максаты – кызматкерлердин дене тарбиясын чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты жана биримдикти бекемдөө болуп саналат. Мелдешке ИИМдин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн түзүлгөн жалпы 8 команда катышып, спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча: 1-орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ээледи; 2-орунду ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы багындырды; 3-орунду ИИМдин Ыкчам чара көрүү атайын отряды алды. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген командалар медалдар, кубоктор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. ИИМдин Басма сөз кызматы