У нас вы можете посмотреть бесплатно "Өлсөң сөөгүңдү бербей туруп алабыз"/ "Бренда хауска" алдангандар/ Кыймылдабаган курулуш или скачать в максимальном доступном качестве, видео которое было загружено на ютуб. Для загрузки выберите вариант из формы ниже:
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием видео, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса ClipSaver.ru
Бишкекте "Бренд хаус" компаниясына акча төгүп үйдөн куржалак калган адамдар кайрадан чогулушту. Ар жолуккан сайын эле убадага сугарып жолго салат, бирок натыйжа жок. Эки ай мурун Курулуш министрлиги да тапшырма бергенде иш жандангандай болгон. Бирок бир аз иштеп эле токтотуп койгонун айтышууда. Айласы кетип ачууланган эл бул ирет да Курулуш министрлигине барышты. Алар арыздарды УКМКга өткөрүп, компаниянын директору Нурлан Эшбаевдин камалышын талап кылууда. "Антпесе курбайт экен, ишеним кетти", деп арызданышты. Бул жолугушуунун эртеси Архитектура-курулушту көзөмөлдөө департаментинин директору Эрназарбек Сүйөркулов үлүш ээлери менен кошо турак жайды көргөнү барган. Анда "Бренд хаустун" директору кардарлары менен жакалашып, жаңжалдаша кеткенине күбө болгон. Анда Эшбаев курулуш катуу жүрөрүн дагы бир ирет убадалаган. Мындан улам бир кызматкерди көзөмөлчү кылып дайындап, ар жума сайын кандай иштерди жасаганын текшерип турмай болду.